Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БЕДӨӨ

БЕДӨӨ (арабча беди — чөл; бедуин — чөлдүк эл, чөлдүктөр) — Арабия чөлдөрүндө жашаган көчмөн жана чала көчмөн арабдарга берилген жалпы ат. «Манас» эпосунда эпикалык тулпар аттарга карата гана айтылат. Мисалы, «Алты бедөө ат берди, Колубузга кат берди» (Сагымбай Орозбаков, 4. 35). Чөлдүк көчмөн арабдардын (бедуин) аттары чыдамкай, чаалыкпас жылкынын тукумунан болгондуктан, согуштук окуяларда жоокерлер минип, анын артыкчылык сапаттары сыноодон өткөн. Ошондуктан, араб (бедуин) аттары эпосто «бедөө» («бедөө ат») деген термин «чаалыкпас ат» деген жалпы мааниде негизги варианттарда колдонулат.

бедөө

зат.. Күлүк ат, эң мыкты күлүк. Кырк келинчек жүгүрүп, Кырк бедөөнү алганы («Манас»).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: