-
байыр
-
зат. 1. Үйүр, жай, токтоо. Бирок [Зарлык] Сазановкага көп байыр алган жок (Элебаев). Азыр жүрөгүнө аш барып, мугалимге байыр алышып калган үчүнчү курстуктар (Бейшеналиев).
2. өт. Жакын, ынак. Жарды менен жалчыга Байыр элең, Токтогул (Барпы). Ал бара-бара комбайнерге байыр тарта баштады (Таштемиров).
3. өт. Салабаттуу, туруктуу, шайкелең эмес. Бириң—кыздын шайыры, Бириң—кыздын байыры (Барпы). Байыр бала жаш кезде («Сейтек»).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
байыр