Найдены по другим направлениям
-
көтөрмө
-
зат. 1. Ташкынды, селди токтотуш, бууш же көлмөнү тегерете тосуш үчүн кырдалган жээк. Мына ошол арык көтөрмө болуп иштелгендиктен, кокусунан бир жеринен жырылып кетсе пахтаны суу басып кетпесин («САЖИ»). - 2. Алган карызы үчүн жумуш иштеп берүүгө же алганын берип, эгерде мөөнөтүнөн ашып кетсе, көбөйтүп төлөй турган карыз, насыя. Келерки жылдын эсебинен көтөрмө алат (Абдукаримов). Көтөрмөгө акча берди.
- 3. Аркандан кыска, отунду ж. б. танып көтөрүүгө ылайыктап эшилген жип. [Эркингүл] отун ала келүү үчүн көтөрмөсүн белине чала койду (Жантөшев). Алым керегенин башындагы чот менен көтөрмөнү алып чыгып кетти (Жантөшев).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КӨТӨРМӨ