Меню
Эл-Сөздүк

КӨТӨРМӨ

КӨТӨРМӨ — топоним. Көзкаман Манасты өлтүрдүм деп элин чаап, мал-мүлкүн талап алып К-нү ашып, Суусамыр аркылуу Каканды көздөй кетет (Курама вариант, 1. 280).

көтөрмө

зат. 1. Ташкынды, селди токтотуш, бууш же көлмөнү тегерете тосуш үчүн кырдалган жээк. Мына ошол арык көтөрмө болуп иштелгендиктен, кокусунан бир жеринен жырылып кетсе пахтаны суу басып кетпесин («САЖИ»).
  1. 2.                  Алган карызы үчүн жумуш иштеп берүүгө же алганын берип, эгерде мөөнөтүнөн ашып кетсе, көбөйтүп төлөй турган карыз, насыя. Келерки жылдын эсебинен көтөрмө алат (Абдукаримов). Көтөрмөгө акча берди.
  2. 3.                  Аркандан кыска, отунду ж. б. танып көтөрүүгө ылайыктап эшилген жип. [Эркингүл] отун ала келүү үчүн көтөрмөсүн белине чала койду (Жантөшев). Алым керегенин башындагы чот менен көтөрмөнү алып чыгып кетти (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: