Menu
Эл-Сөздүк

Гумандуулук (гумандуулук принциби)

ГУМАНДУУЛУК (гумандуулук принциби) (лат. humanus – адамгерчиликтүү) – демократиялык мамлекеттеги негизги укук принциптеринин бири. Кең мааниде алганда, ал коом менен адам тагдырына боор толгоого багытталган көзкараштардын тарыхый кайра жаралуусун түшүндүрөт. Ал эми кылмыш-жаза укугу боюнча, кылмыш жасаган адамга карата колдонулуучу жаза менен кылмыш-укук мүнөзүндөгү башка көрүлгөн чаралар адамды кыйноого же анын адамдык ар-намысын тебелөөгө жатпайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: