-
жаш
-
I зат. Дүүлүккөн, ооруксунган абалда же ыйлаганда көздөгү бездер аркылуу бөлүнүп чыгуучу тунук жана туздуураак келген суу сыяктуу суюктук. Аялдын көзүнөн жашы кылгыра түшүптүр (Абдукаримов). Анархан менен Сакадай көз жаштарын көл кылып, караанды акмалап баратат (Жантөшев).
ЖАШ II зат. Адамдын өмүрүн жыл боюнча эсептөө ченеми, өмүр чени. Эр ортону — элүү жаш (макал). Жашы келип калган адам.
ЖАШ III сын. 1. Өсүп келе жаткан, өсүп жетиле элек, токтоло элек, кары эмес (адам жөнүндө). Калктын көпчүлүгү жаштар (Сыдыкбеков). Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Жаш келсе ишке, кары келсе ашка (макал).
- 2. Быша элек, жетиле элек, толо элек (жаныбарлар, өсүмдүктөр ж. б. жөнүндө). Жаш мал. Жаш чырпык. Жаш мөмөлөр. Бозосу жаш экен, жакшы жетилбептир.
- 3. Жаңы. Жаш сорпо. Жаш кар.
Негизги мүнөздөмөлөрү |
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | жаш |
Көптүк сан | жаштар |
Жөндөлүшү - "жаш"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
Атооч Ким? Эмне? | жаш |
Илик Кимдин? Эмненин? | жаштын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | жашка |
Табыш Кимди? Эмнени? | жашты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | жашта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | жаштан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
Атооч Кимдер? Эмнелер? | жаштар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | жаштардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | жаштарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | жаштарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | жаштарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | жаштардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр: