|
жаша
|
|
этиш. 1. Өмүр сүрүү, өмүрдүү болуу. Карысам да, өлгүм келбейт. Менин да жашагым келет! (Абдукаримов). Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет (макал).
- 2. Белгилүү бир жерде туруу, турмуш өткөрүү. Жерде турмуш күлкү менен өткөндөй, Асманда да күлүп гана жашайбыз (Осмонов). Элден-журттан бөлүнүп, Эченден бери жашадым («Эр Табылды»).
- 3. Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендикти билдирүү. Жаша, гүлдө Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан! (Үмөталиев). Баракелде, жаша, жигит! (Аалы).
|