кош |
КОШ II зат. 1. Эки, түгөй, эки даана, жуп. Кош ооз мылтык. Кош колдоп найза бек сайды, Кокустатам деп сайды («Эр Табылды»). Коркконго кош көрүнөт (макал). 2. Соко жана сокого чегилген өгүз, ат чогуусу менен. Жалгыз өгүз кош болбойт, Жаакташкан дос болбойт (макал). Күжүрмөн күчтүү дыйканга, Жүрүп турган кош жакшы (Жантөшев). ¨ Кош чекит к. чекит. Кош сөз — жупталып айтылган татаал сөз. Кош бойлуу же кош кабат — боюнда бар. Кош көңүл к. көңүл. Кош аяк — арткы аяктары, куйругу узун, кемирүүчүлөр отрядына кирүучү чычкан сыяктуу жаныбар. КОШ IIIэтиш 1. Бир нерсеге кошумча кылуу, үстүнө көбөйтүү, бириктирүү. аралаштыруу. — О Урумкан эне, тур, уюңду кош! (Бейшеналиев). Кысталганда Мендиштин Акылына акыл кош (Жантөшев). Кара ниет адамды, Катарыңа кошпогун (Токтогул).
¨ Баш кошуу — 1) бирге болуу, чогулуу, биригүү; бир тилектеш, мамилелеш болуу, достошуу. Баатырлары баш кошуп, Сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Бардык туугандар баш кошуп, ынтымактуу жашап калды («Жаш ленинчи»); 2) үйлөнүү, турмуш куруу. Баш кошуптур жаңыдан, Эки бирдей чырагым (Жантөшев). КОШ IV сырд. Койду айдоодо же бир жакка кайрууда айтылуучу сөз. Адыр, белестерден «кош, кош! »— деп кыйкырган койчулардын үнүн угасың («Ала-Тоо»). КОШ V сырд. 1. Бирөө менен коштошордо, бир жакка кайтып баратканда, айрылышарда айтылуучу сөз. — Кош, жакшы калыңыз! — деп, Батый да Осмондун колун бекем кысты (Сасыкбаев). 2. Бирөөгө көңүл бөлүү, сөзүн кубаттоо, макул табуу ж. б. мааниде колдонулат. Кош, [Калыбай] сенин алты балаңдын бирөө да ишке жарабайт экен (Абдукаримов). Кош, эмне дейсиң? —деди [Сарыбай] (Абдукаримов). |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | кош |
Множ. число | коштор |
Склонение по падежам - "кош"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кош |
Родительный Чей? | коштун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | кошко |
Винительный Кого?, Что? | кошту |
Местный Где?, У кого? | кошто |
Исходный Где?, У кого? | коштон |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | коштор |
Родительный Чьи? | коштордун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | кошторго |
Винительный Кого?, Что? | кошторду |
Местный Где?, У кого? | коштордо |
Исходный Откуда?, От кого? | коштордон |
Получить все переводы слова - "кош" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "кош" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "кош"?
Ввойти