|
жер
|
|
зат.. 1. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу Күндөн кийинки үчүнчү планета. Жер күндү тегеренет.
- 2. Кургактык (океан, деңиз ж.б. сууларга карама-каршы түшүнүктө). Моряктар горизонтто жерди көрүштү.
- 3. Биздин планетабыздын үстүнкү бети, үстүнкү катмары; кыртыш, топурак. Шаарда уй жайылып жүрөр эле, Мөңгүрөп жер челишип убап-чубап (Шукүрбеков). Суу мол болуп, жаан жааса, Жайык төш, семиз жер бүрдөйт (Токобаев).
- 4. Айдоо, жайыт ж.б. катарында пайдаланылган белгилүү аянт, участок. Айдоо жерлер кеңиди, Ак буудай арбын себилди (Үмөталиев). Жайыт жер. Кайрак жер.
- 5. Өлкө, мамлекет, мекен. Казакстандын жери элсиз ээн талаа болуп келген («Коммунист»). Мыскал жаш өмүрдүн кымбат доорун Украина жеринде өткөрүп келди (Сыдыкбеков).
- 6. Орун, жай; аралык. Бул жерде райкомдун өкүлү да отурат (Убукеев). Киндик каным тамган жер. Күнчүлүк жер. Айчылык жер.
- 7. Дененин айрым бөлүгү. Бир жериңиз ооруган жокпу? Оорубаган жерим жок.
¨ Жер-жеберине жетүү — 1) аябай тилдөө, абдан тилдөө; 2) майда -чуйдасынан бери, эчтемесин калтырбай. Анын жер-жеберине жетүүнүн бизге кереги эмне? («Чалкан»). Жер төлө — жерди казып салынган жапыз там, үй; малга даярдалган жер там. Жер соорусу — мыкты, сонун, бай, семиз жер. Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе ногой тунбайбы («Семетей»). Жер каймактагандан бери — капкачантан, атам замандан бери, көптөн бери. Биз дал ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди угуза турган, аны иш жүзүнө ашыра турган адамбыз (Байтемиров). Жер кароо — уялуу, айласы кетип, тике карай албоо. Амантур наалып жер карады (Убукеев). Кандайдыр бир кара сакалдын доосу менен эл караган бетим жер карап олтурса эмненин тамтыгы! (Каимов). Өлбөгөн жерде калуу к. өл II. Жер чечегин безөө к. безе. Жер семирткич к. семирткич.
|