-
жер
-
зат.. 1. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу Күндөн кийинки үчүнчү планета. Жер күндү тегеренет. - 2. Кургактык (океан, деңиз ж.б. сууларга карама-каршы түшүнүктө). Моряктар горизонтто жерди көрүштү.
- 3. Биздин планетабыздын үстүнкү бети, үстүнкү катмары; кыртыш, топурак. Шаарда уй жайылып жүрөр эле, Мөңгүрөп жер челишип убап-чубап (Шукүрбеков). Суу мол болуп, жаан жааса, Жайык төш, семиз жер бүрдөйт (Токобаев).
- 4. Айдоо, жайыт ж.б. катарында пайдаланылган белгилүү аянт, участок. Айдоо жерлер кеңиди, Ак буудай арбын себилди (Үмөталиев). Жайыт жер. Кайрак жер.
- 5. Өлкө, мамлекет, мекен. Казакстандын жери элсиз ээн талаа болуп келген («Коммунист»). Мыскал жаш өмүрдүн кымбат доорун Украина жеринде өткөрүп келди (Сыдыкбеков).
- 6. Орун, жай; аралык. Бул жерде райкомдун өкүлү да отурат (Убукеев). Киндик каным тамган жер. Күнчүлүк жер. Айчылык жер.
- 7. Дененин айрым бөлүгү. Бир жериңиз ооруган жокпу? Оорубаган жерим жок.
¨ Жер-жеберине жетүү — 1) аябай тилдөө, абдан тилдөө; 2) майда -чуйдасынан бери, эчтемесин калтырбай. Анын жер-жеберине жетүүнүн бизге кереги эмне? («Чалкан»). Жер төлө — жерди казып салынган жапыз там, үй; малга даярдалган жер там. Жер соорусу — мыкты, сонун, бай, семиз жер. Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе ногой тунбайбы («Семетей»). Жер каймактагандан бери — капкачантан, атам замандан бери, көптөн бери. Биз дал ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди угуза турган, аны иш жүзүнө ашыра турган адамбыз (Байтемиров). Жер кароо — уялуу, айласы кетип, тике карай албоо. Амантур наалып жер карады (Убукеев). Кандайдыр бир кара сакалдын доосу менен эл караган бетим жер карап олтурса эмненин тамтыгы! (Каимов). Өлбөгөн жерде калуу к. өл II. Жер чечегин безөө к. безе. Жер семирткич к. семирткич.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | жер |
Множ. число | жерлер |
Антонимы |
---|
асман |
Склонение по падежам - "жер"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жер |
Родительный Чей? | жердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жерге |
Винительный Кого?, Что? | жерди |
Местный Где?, У кого? | жерде |
Исходный Где?, У кого? | жерден |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жерлер |
Родительный Чьи? | жерлердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жерлерге |
Винительный Кого?, Что? | жерлерди |
Местный Где?, У кого? | жерлерде |
Исходный Откуда?, От кого? | жерлерден |
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
- ЖЕР АЛДЫ
- Жер банкы
- ЖЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМДЕР ЖАНА МАН
- Жер иштетүү менен өсүмдүк өстүрүүнү химиялаштыруу
- Жер казынасы
- Жер казынасын пайдалануучу
- Жер казынасынан пайдалануу
- Жер катмарын коргоо
- Жер кору
- Жер мамилелери
- Жер мониторинги
- Жер нарккаттамы (кадастры)
- Жер оодаруу
- Жер оодаруу чеги
- Жер пайдалануучу
- Жер ресурстары
- Жер салыгы
- ЖЕР ТИТИРӨӨ
- Жер укугу
- Жер участогу
Found similar words in another language:
RU
- Жервезии (ru-kg)
- жёрдочка (ru-kg)
- жердь (ru-kg)
- жерёбая (ru-kg)
- жеребёнок (ru-kg)
- Жеребенок 6-10 месяцев (ru-kg)
- Жеребенок годовалый (ru-kg)
- Жеребенок до 6-ти месяцев (ru-kg)
- жеребец (ru-kg)
- Жеребец-пробник (ru-kg)
- Жеребец-производитель (ru-kg)
- жеребиться (ru-kg)
- жерёбость (ru-kg)
- жеребчик (ru-kg)
- жеребьёвка (ru-kg)
- Жеребьевка, жребий (ru-kg)
- жеребятина (ru-kg)
- жеребячий (ru-kg)
- жерех (ru-kg)
- Жерехи (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жер