-
КОМУЗ
-
КОМУЗ, чертмек — кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. К. жыгачтан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапайы тал) алмурут өңдүү формада чабылып, моюну ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу 75 см чамалуу. К. баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт. «Манас» эпосунда К. тууралуу маалыматтын орун алышы, анын кыргыз элинин байыртадан келе жаткан музыкалык аспабы экенин айгинелейт.
Эпосто Бай Жакып Манас аттуу уулдуу болгондо берген тойдо айтылуу шайырлар К. чертишкендиги айтылат:
Дутар менен комузун,
Колуна алып чертишип...
Сурнайды суулап тартышып,
Ырчылар ырын айтышып (Сагымбай Орозбаков, 1. 96).
Ошондой эле эпосто К. эмнеден чабылып, жасала тургандыгы ачык, так, элестүү көркөм баяндалат:
Өрүктөн комуз чаптырган,
Үкөктөн капкак жаптырган,
Чарасын терең ойдурган,
Тепкесин кайкы койдурган,
Ичеги кылып тактырган,
Аркы-терки кактырган,
Күүсүн уккан жактырган
Комузчудан жүздү алып (Сагымбай Орозбаков, 2. 390).
Найдены по другим направлениям
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | комуз |
Множ. число | комуздар |
Связанные слова |
---|
черт |
күү |
комузчу |
комузчулук |
Склонение по падежам - "комуз"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | комуз |
Родительный Чей? | комуздун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | комузга |
Винительный Кого?, Что? | комузду |
Местный Где?, У кого? | комузда |
Исходный Где?, У кого? | комуздан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | комуздар |
Родительный Чьи? | комуздардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | комуздарга |
Винительный Кого?, Что? | комуздарды |
Местный Где?, У кого? | комуздарда |
Исходный Откуда?, От кого? | комуздардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КОМУЗ