Меню
Эл-Сөздүк

ЖАМБЫ

ЖАМБЫ (кытай сөзү юань — уюткан, бао — баалуу) — койдун, жылкынын жана башкалар малдын туягынын формасындагы ар түрдүү көлөмдө жана ар кандай салмакта уютулган күмүш. Ж. Кытай мамлекети тарабынан көчмөн элдер менен соода жүргүзүү үчүн киргизилген. Цин империясы чыгыш Түркстанды (Синьцзян) басып алгандан кийин (18-кылымдын экинчи жарымы) Ж. жергиликтүү жана Орто Азия элдерине да тарала баштаган. «Манас» эпосунда Ж. негизинен жогорудагы эле мааниде айтылат. Бирок эпосто Ж-ны алтындан куюлган деп да айтат: «Көкөтөй жыйган пул экен, Жүргөн алтын бир жамбы. Жүз адамдын куну экен» (Сагымбай Орозбаков, 3. 163—164). Эпосто Ж-нын кээ бир түрлөрү өз алдынча учурайт. «Бөйрөк жамбым бөтөн бар Тай туягым бирөө бар Чыныгы жамбым үчөө бар» (Радлов жазып алган вариант, 148). Соода иши менен катар Ж. кыргыздардын турмушунда да, ошондой эле «Манас» эпосунда көбүнчө жамбы атууда колдонулган, к. Жамбы атуу.


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: