Меню
Эл-Сөздүк

БАЙ

БАЙ — эпизоддук кейипкер, Аралбайдын атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 202).

БАЙ

БАЙ — кейипкер, Бакайдын атасы, Жакыптын бир тууганы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-дын окуясына кеңири орун берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 171—192). Алоокеден кордук көргөн кыргыздар туш-тушка тарап кетет. Ошондо Ороздунун ыркы жок он уулу Б-дын эки баласына бейпилдик бербегендиктен, Б. он жети жашында бөлүнгөн иниси Жакыпты издеп чыгат. Жолдо арык казууга алы келбей жатып калган карыя Б-ды Нескара көмдүрүп салат. Чала көмүлүп, эптеп эсине келген Б. Нескарага Чабдар аты адамча сүйлөп: «Манасты күчүнө толо электе кармап ал», — деп айтып жатканын угуп калат. Каздырып жаткан арыгын таштап, кишилерин түп көтөрө алып, Нескара Манасты соймокко аттанып кеткенден кийин эптеп бошонуп, Нескаранын артынан жөнөгөн Б. Жакыпка жолугуп, эки бир тууган табышат. Нескаранын ой-мүдөөсүн айтып кабар берет. Ошол боюнча алты жылга жакын Алтайда туруп калган Б. Дагалак шаарын алуу үчүн аттанган Манастын колу менен кошо жөнөйт. Ошол учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай болот. Эки кол жолугушканда Б. баласы Бакайды Манаска тааныштырат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Б. баласы Бакай бир жашка чыкканда душмандын айдоосунда жүрүп каза болот. Эпос боюнча чыгыш Түркстандагы шаар Б-дын атынан коюлган (Саякбай Каралаев, 1. 188).
И. Абдувалиев

Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санбай
Көптүк санбайлар
Синонимдери
манап
бардар
Байланыштуу сөздөр
байлык
Жөндөлүшү - "бай"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?бай
Илик Кимдин? Эмненин?байдын
Барыш Кимге? Эмнеге?байга
Табыш Кимди? Эмнени?байды
Жатыш Кимде? Эмнеде?байда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?байдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?байлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?байлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?байларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?байларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?байларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?байлардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: