|
БАРАҢ
|
|
БАРАҢ (арабча-иранча — паранги, франки) — мылтыктын аты. Милте менен от алдырган сайлуу мылтыктын бир түрү. Эпосто Б. «ак бараң», «сыр бараң» формаларында да сыпатталат. Б-дын түпкү теги «Франк мылтыгы» менен байланышып, ал адегенде түндүк Африкага, андан Алдыңкы Азияга, ошондой эле Орто Азияга (өзбектерге — фаранги милтик, кыргыздарга — Б. формасында) таралып, жоокерчиликте жана мергенчиликте урунган. Эпостогу «милтелерин чоктошуп, мылтыктарын октошуп» деп сүрөттөө милте коюп, дарысы, огу оозунан дүрмөттөлүп атылма Б. мылтык жөнүндө кабар берет. Б. «Манас» эпосунда башка жоо куралдары сыяктуу эле кеңири планда сүрөттөлөт. Азыр Б. мылтыгы музейлерде гана кездешет, к. Аккелте.
|