|
үстү
|
|
зат. 1. Кандайдыр бир нерсенин жогорку, үстүнкү бети, бөлүгү, төбөсү, астына карама-каршы жагы. Үстү бийик тоо болчу, Ортосу таш зоо болчу («Жазгыч акындар»). Столдун үстү. Тамдын үстү.
2. Дагы, дагы кошумча. Кой, какагандын үстүнө муштаган кылбайын (Байтемиров).
3. Бир нерсенин маалы, убагы, жүрүп жаткан учуру. Тамактын үстүнөн чыктым. Жумуштун үстүндө болуу.
4. Ушул азыркы, азыр жүрүп жаткан учурдагы. Үстүбүздөгү жыл. Үстүбүздөгү доор.
5. Кимдир бирөөнүн отурган жери, жайы. Директордун үстүнө кирип бардым. Отурган коноктордун үстүнө кире беребизби?
♦Үстү-башы — кийим-кечеси, кийими. Үстү-башы дурус. Үстү-баштары чамбыл ала болгон жумушчулар жерде олтурушту (Сасыкбаев). Астын-үстүн болуу к. астын. Үстү-үстүнө — кайра-кайра, кайта-кайта, улам-улам. Папиросту үстү-үстүнө тартты. Үй ээси Токтогулга суроону үстү-үстүнө берип жатты (Бөкөнбаев).
|