Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ур
  • ур
  • ур-
  • ура
  • ура -
  • ураа
  • ураала
  • ураала-
  • ураалат
  • ураалат-
  • ураалатуу
  • ураалаш
  • ураалашуу
  • ураалоо
  • ураан
  • ураандаш
  • ураандаш-
  • ураандашуу
  • ураанчыл
  • урагыс
  • уралгыс
 

ур

 
I зат. 1. Дененин өзгөчө болуп уркуюп чыгып турган бөлүгү. Ур желке.
2. Уюл. Кайыңдын уру.
УР II: ур кызы — мусулмандардын мифологиясы боюнча: өзүнүн сулуулугу менен бейишке чыккандарды ыракатка бөлөөчү, дайыма жапжаш болуп турган бейиш кыздары.
УР III этиш. 1. Токмоктоо, таяктоо, сабоо. Адилет болсоң текшерчи, Кедейди байлар урганын (Токтогул).
2. Чабуу, сого шилтөө, кагуу, коюп жиберүү. Күчү менен күрс-күрс урган балканын Шыгын төксүн шыркыраган көк жалын (Осмонов). Өзүнө бычак ур, оорубаса кишиге ур (макал).
3. Бир нерсени көздөй атып ыргытуу. Айсулуу карап туруп арт жагынан, Бир кезде алма менен уруп качты (Үмөталиев).
4. Куруу, согуу. Күмүштөн дубал ургандай, Чырагың жанып тургандай (Барпы).
5. Белги салуу, басып из түшүрүү. Геологдор болсо, «баланча жерде көмүр бар» деп гана белги урушат (Сасыкбаев). Ким агаң «меники» деп, тамга урбаган (Турусбеков).
6. Кагуу. [Элебес] чотун урган сайын Акиясынын басканын эстеп турат (Сыдыкбеков). Үн алышып гудоктору күркүрөп, Коммунизм коңгуроосун ургандай (Аалы).
7. Башка сөздөр менен кошулуп каргыш, наалат, каргап-шилөө же тилдөө маанисиндеги сөздөр колдонулат. Алдап айттың сөзүңдү, Ант урсун сенин өзүңдү («Манас»). Антынан тайган кыргызды, Арбагы урсун Манастын (Маликов). Туз урсун (Токтогул). Каргыш урган (Абдукаримов). Көк урсун (Сыдыкбеков).
8. Атооч сөздөргө кошулуп, алардын кыймыл-аракетти, ал-абалды көрсөткөн маанисин билдирүү үчүн колдонулат. Кам урду. Кеп урду. Док урду. Чабак урду.
Алып уруу же көтөрүп уруу — жыгуу. Акылгер алпты жыгар ыгын тапты, Айлантып алып уруп жерге чапты (Акаев). Кыйкырык-сүрөөн укканда, көтөрүп уруп жамдаса, Балбандын көркү билекте (Жантөшев). Ак уруу — кайыр суроо, тилемчилик кылуу. Кайыр үчүн ак уруп, эл аралап жүрөсүң (Жантөшев). Уруп кете берүүсүйл. токтолбостон жөнөп кетүү, жүрүп кете берүү. Күндү күн, түндү түн дебестен [малчылар] уруп кете беришет (Жантөшев). Кулдук уруу — жүгүнүү, баш ийүү. Кызына сөйкө саламын, Кулдук уруп калайын («Эр Төштүк»). Баш уруукулдук уруу менен бирдей.

Получить все переводы слова - "ур" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ур" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ур"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru