Меню
Эл-Сөздүк

ток

I зат. Электр зарядынын кыймылы, агымы, электр энергиясы.
ТОК II сын. 1. Тойгон, өзүнүн ачкалык сезимин толук канагаттандырган, ачка эмес. Ач кайгысын ток билбейт (макал). Бүгүн кардың ач болсо, Балам, эртең кайта ток болот (Токтогул).
2. Оокаты мол, оокаттуу, турмушу жакшы; көңүлү куунак. Ырлар жаздым, кээде сызып, кээде оңдоп, Бала өстүргөн жаш атадай көңүлүм ток (Осмонов).
ТОК III: ток этүү же ток-ток этүү — кандайдыр бир катуу нерсе менен көбүнчө жыгачка ургандагыдай дабыш чыгуу. Ток этер жери —кыскасы, негизгиси, маңызы, жыйынтыгы. [Бурулча] сөзүнүн аяк жагында иштин ток этер жерине өттү (Байтемиров). Окуянын ток этер жеринен баштайлы («Чалкан»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: