Меню
Эл-Сөздүк

токмок

зат. 1. Казык кагуу, бир нерсени катуу уруу ж. б. үчүн ылайыкталган жыгач балка, баш жагы уруюп же жоон болуп кеткен кабелтең союл жыгач. Акмандын колунда чоң токмогу бар (Сыдыкбеков). Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет (макал).
2. Оюн-тамашада чабуу, уруу үчүн колдонулуучу эшилген жоолук. Боз уландар колуна токмок тие сала жаактарын жанышат (Сыдыкбеков).
Ур токмок — 1) жомоктордо: өзү эле уруп кирүүчү токмок; 2) бирөөнүн колундагы курал болуп, уруп-сабап кирүүчүлүк. Токмок жалдуу — чоң, коюу, сапырылган узун жалы бар. Токмок жалдуу тору айгыр.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: