Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: иштетүү сарамжалдык односпальный ardıl койчуман өзөктүү ХИРАГРА Универсальный человек
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - күч
  • күч
  • Күч колдонбоо принциби
  • Күч колдонуп же психикалык мажбурлоо
  • КҮЧАЛА
  • күчө
  • күчө-
  • күчөн
  • күчөн-
  • күчөнүү
  • күчөнчөөк
  • күчөө
  • КҮЧӨР
  • күчөт
  • күчөт-
  • күчөткүч
  • күчөтмө
  • күчөтүл-
  • Күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагы
  • күчөтүлүү
  • күчөтүлүш
 

күч

 
зат. 1. Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү; адамдын (жандыктын ) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу. Алтымышка жаш жетти, Энеңден кайрат, күч кетти («Кедейкан»). Адамдар ушул бүткүл тоону оодарып салууга да күчтөрү жетет (Сасыкбаев). Мына күчүмкурулушка жумшаймын (Аалы).
  1. 2.                  Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы. Бул кезде күчүн жайып билим кенин Кези экен каадаланып казып жаткан (Турусбеков). Акылайга окшобой калабы дейм, Акындык күчүм менин жетпей турат (Турусбеков).
  2. 3.                  Иштин, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү; бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли; кубат, энергия, кайрат. Эр паровоз күчкө келип, Адыр, кырды аттаган (Бөкөнбаев). Желаргыны да жумушка кошсо көп күч кирет (Убукеев). Аялдар зор күч экендиги шахтадан дале сезилет (Сасыкбаев).
  3. 4.                  Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк. Закон өз күчүн жоготту. Акчанын күчү.
  4. 5.                  Бийлик, кудурет, авторитет, таасир. Кантейин, жазмыш күчү уруксат бербейт, Заманга иштер элем далайга өлбөй (Осмонов). Коллективдин күчү.
  5. 6.                  Мүмкүнчүлүк, шарт, чама. Кымбат баалуу тамактарды сатып жешке күчүм жетпейт (Абдукаримов).
  6. 7.                  Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы. Белгисиз күч кирпигимди көтөрүп, Үктатпады, уйкум эске келбеди (Аалы). Элтарыхты түзүүчү, коомдук прогресстин башкы күчү («Коммунист»). Марксизм-ленинизм сынды коомдун кыймылдаткыч күчү деп эсептейт (Бейшеналиев).
  7. 8.                  Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү. Революциянын кыймылдаткыч күчтөрү. Тынчтык үчүн күрөшкөн күчтөр.
  8. 9.                  Аскерлер; кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар. Куралдуу күчтөр. Девиз күчтөрү. Артисттик күчтөр.
  9. 10.              Эмгек, кызмат; жардам. Ичип турат сүтүңдү, Көрүп турат күчүңдү (Тоголок Молдо). Заливщиктер [чоюнду].. механизмдин күчү менен ташып жатышат (Сасыкбаев). Кээ бир иштерди акчага шылтабай өзүбүздүн күч менен бүтүрүшкө болбойбу? (Сыдыкбеков).
  10. 11.              Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу. Кыялы бузук, заары күч, Ал Көкдөөдөн күдөр үз («Эр Төштүк»). Мейли, болсун капкараңгы түн айсыз, Мейли, болсун бороону күч ызгаар кыш (Осмонов).

Күч алуу — күчөө, күчөй баштоо, көбөйүү. Уламдан улам шамал күч алат (Жантөшев). Ажардын коркунучу күч алды (Жантөшев). Жусупакундун кылыктары жөнүндөгү сөздөр күч ала баштады (Жантөшев). Жанына же башына күч келүү — өтө кыйналуу, кыйындыкка туш келүү, оордук келүү, аргасыз. абалда болуу. Каргадай жетим Ашимдын Жанына жаман күч келди (Осмонкул). Карып жанга күч келди.. Качпаганда нетейин («Кедейкан»). Анча эмнеге күч келди экен башына? (Сыдыкбеков). Кара күч — акыл эмгеги менен эмес, кол күчү менен иштөө жөндөмдүүлүгү. Колу-бутундагы чорлору, кийген кийими анын [Маманазардын] кара күчүнөн башка эч нерсеси жок экендигин көрсөтүп турат (Жантөшев). Кол күчү — кол менен иштелген эмгек, кол эмгеги. Өлкөбүздө кол күчү азыр жоюлуп, Техниканын бардык күчү жаңырды (Осмонкул). Күч унаа — ишке чегилүүчү унаа (мал). Кадыркулов он үймөк чеп эмес, бир үймөк чөп күч унааларга, кала берсе, колго караган малдарга канча пайда келтирерин айтты (Таштемиров). Күч жумшоо — иштөө, кызмат кылуу, бир нерсени орундоо үчүн аракет кылуу. Биздин милдет күч жумшамак аларга, Эсен болсо кырсыктардан денибиз (Аалы). Күч келтирүү — кандайдыр бир нерсеге көбүрөөк таянуу; сарп кылуу; кыйындык келтирүү Бугимов папироско күч келтирип, дале ары-бери басып отурат (Сасыкбаев). Күчүн берүү же күчүн алуу — убактылуу пайдаланууга берүү, иштетүүгө берүү же алуу. Азимкан балам, тагыңдын үч күндүк күчүн бербедиң («Кедейкан»). Күч күйөө к. Күйөө. Кара күчкө — калп эле, курулай эле. Карабек кара күчкө Бердини мактаган болуп жүрүп кетти (Жантөшев). Динар табыш чыгарып кара күчкө жөтөлдү (Сыдыкбеков).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокүч
Множ. числокүчтөр
Склонение по падежам - "күч"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?күч
Родительный Чей?күчтүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күчкө
Винительный Кого?, Что?күчтү
Местный Где?, У кого?күчтө
Исходный Где?, У кого?күчтөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?күчтөр
Родительный Чьи?күчтөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күчтөргө
Винительный Кого?, Что?күчтөрдү
Местный Где?, У кого?күчтөрдө
Исходный Откуда?, От кого?күчтөрдөн

Получить все переводы слова - "күч" по направлению Kyrghyz-Kyrghyz.
Найти все переводы слова "күч" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "күч"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru