-
коён
-
зат. 1. Кемирүүчүлөр тобуна кирүүчү, кулагы менен арткы буттары узун, анча чоң эмес, бакма жана жапайы жаныбар. Коён өстүрүүчү фермалар.
2. Айбандардын аттары менен берилген он эки жылдын төртүнчү жылынын аты. Коён жылы төрөлүшкөн (Аалы).
♦ Коёндун жатагына чейин билүү — жердин шартын, ой-чуңкурун ж. б. билүү. Коёндун жатагына чейин бүт билет. [Аскар]... коёндун жатагына чейин жазбай байкашка ашыгат (Сыдыкбеков). Коёндон окшош — абдан окшош, опокшош, союп каптагандай, бири-биринен ажыратылгыс, айрылгыс. Коёндон окшош козусу, Коюңар тууган эгизден (Маликов). Коён жүрөк — коркок, кайратсыз. Сен тим эле коркупсуң, коён жүрөк турбайсыңбы (Аалы).
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | коён |
Көптүк сан | коёндор |
Жөндөлүшү - "коён"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | коён |
Илик Кимдин? Эмненин? | коёндун |
Барыш Кимге? Эмнеге? | коёнго |
Табыш Кимди? Эмнени? | коёнду |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | коёндо |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | коёндон |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | коёндор |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | коёндордун |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | коёндорго |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | коёндорду |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | коёндордо |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | коёндордон |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
коён