а |
А II: а деп — эң алды менен, биринчи иретте, ириде. А деп [көйнөктү] кийип алып кубангандан беш-алты тегереңген (Сыдыкбеков). А дегенде — оболу, мурда, биринчи иретте, башында, баштаганда. Кайыр а дегенде түшүнгөн жок (Аалы). А дегенде орун тар келип, кысылышып, артыкча эл арты болуп [машинага] түшкөн үч адамга убал болду (Сыдыкбеков). А-бу деп айтуу — өйдө-төмөн кептерди айтуу, бирдеме деп сүйлөө. Жанында тургандардын бирөө да а-бу дегенге жараган жок (Бейшеналиев). Сизди качан а-бу дейт деп эле олтурабыз (Бейшеналиев). А-бу дешип калуу — айтышып калуу, жаман-жакшы айтышып калуу. А дээрге алы калбоо — абдан шайы кетүү, дарманы бошоо. А дээрге алы калган жок, Азыр өлсө арман жок («Эр Төштүк»). А III сырд. Таң калгандык, өкүнгөндүк, нааразы болгондук сыяктуу ички сезимди билдирүүдө колдонулат. А, кокуй, катаны эми билбедимби. Карачы, күзгүдөн өз иреңиңди (Осмонов). А, жасаган, — деди Күмүш, — кедейди мынча эмне кор кылып жараттың? (Баялинов). А, айланайын, менин уулум ак сүтүмдү актабай койду! (Тоголок Молдо). А IV байл. Сүйлөмдөрдү байланыштыруу үчүн колдонулат. Чоордун ичин караса жыгач сыяктуу, а сырты такыр түшүнүксүз бирдеме (Жантөшев). Мария да анча эмес, а тигил безилдеген Акия Чаргын байкушту оттон алып сууга салып жатат (Сыдыкбеков). А V бөл. Ырастоо, күчөтүү маанисинде колдонулат. — Ойбой... Ушундай да ачуу болот экен а! Тим эле куйкалап кетти, — деди Ашымбай (Абдукаримов). Силерге менин каным керек эмес, дүнүйөм керек а! (Аалы). |
Получить все переводы слова - "а" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "а" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "а"?
Ввойти