Меню
Эл-Сөздүк

өс

этиш. 1. Өнүп чыгуу, өнүп чыгып жетиле берүү, өнүгө берүү. Калың чөптөр бой тирешкен, Түркүн сонун гүл өскөн (Бөкөнбаев). — Булар [көчөттөр] өсүп шактаса, кыштактын көркү болот (Убукеев).
2. Чоңоюу, улам жетилүү. Тең туулуп, тең өскөн, Темтеңдеп ойноп жаш кезден («Олжобай менен Кишимжан»). Ташбай аке бак-дарак асырап өскөн багбан адам (Сыдыкбеков).
3. өт. Өркүндөө, жогорулоо; өнүгүү, өрчүү, илгерилөө, алга кетүү. Октябрдын жалынынан төрөлгөн Жаңы кыргыз өнүп, өсүп көгөргөн (Аалы). [Жүкөш] окуду, өстү, бүткүл кенден чыккан сулуу кызга да үйлөндү (Сасыкбаев).
4. өт. Көбөйүү, артуу, арбуу, жогорулоо. [Жети жылдыкта] колхозчулардын кирешелеринин өсө тургандыгы каралган («Советтик Кыргызстан»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: