Меню
Эл-Сөздүк

мүчөл

зат. 1. Эски эсеп боюнча айбандардын аты менен аталган он эки жылдык жыл эсеби. Отуз алты үч мүчөл, уй жылына быйыл мөрт (Аалы). Алтынчы уул атасынын энчисин, Алганына эки мүчөл болгон жок (Аалы). Болсо да мүчөлүм жаш, көптү көргөм, Акактап турмуш чөлүн басып келгем (Бөкөнбаев).
2. Туулгандан кийинки он эки жыл өткөн мезгил (он үчүнчү жылдан тарта кийинки мүчөл башталат; эски ишеним боюнча мүчөлдүн акыркы жылы адам үчүн коркунучтуу, кооптуу болуп эсептелген. Мүчөлүмө жетмейинче айтпайын деген антым бар эле («САЖИ»). Кырк жигити кашында, Кырмызы жоолук башында, Мүчөлүнөн өтүптүр («Эр Табылды»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: