Меню
Эл-Сөздүк

мырза

зат. 1. Башкаруу иштерине, бийликке аралашып жүргөн адам; кол алдында иштеген кызматкерлери, малайлары ж. б. бар, көбүнчө анчалык улгая элек адам. Терилип манап, бай, мырзалары, Ал күнү Кочкордогу ашка келген (Маликов). Кийгени шайы мырзамдын, Бар сыпатын айтайын (Бөкөнбаев).
  1. 2.                  сүйл. Өз боюн, кийим-кечесин тың алып жүргөн жигит; азамат. Кана эмесе мырзалар Жарымды элге салгыла («Мендирман»). Маалим мырза келатат (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  3. өт. Берешен, март, жоомарт.

Мырза терек — төмөн жагында майда бутактары жок, узун, түз өсө турган сыйда терек (көбүнчө курулуш иштеринде колдонулат). Иреттүү бак-дарак, жээгине ак тал менен мырза терек кырка толгон ..арыктар (Касымбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: