- ачык
- Ачык аба мейкиндиги
- Ачык аккредитив
- Ачык акционердик коом
- Ачык базар аткарымдары
- Ачык валюта позициясы
- Ачык деңиз
- Ачык конкурс
- Ачык кредит
- Ачык күрөөгө коюу
- Ачык рыноктогу операциялар
- Ачык чартер
- Ачык чечмелөө
- Ачык эсеп
- ачык-
- Ачык-айкын конкурс
- ачыктыр
- ачыктыр-
- ачыктыруу
|
|
|
ачык
|
|
I сын. 1. Жабык эмес, жабылбаган. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков).
- 2. Айланасында эч нерсе жок, бош, ээн. Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев).
- 3. Жашыруун эмес. Ачык добуш берүү. Ачык нааразылык көрсөтүп чыгуу.
- 4. Каалоочулардын баары катыша турган. Партиянын ачык чогулушу.
- 5. Булутсуз, эч булут жок. Асман саратан жайдагы Соң-Көлдүн түзүндөй мелтиреп тунук, ачык (Бейшеналиев).
- 6. Даана, айкын. Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып бирдемелерди айтып калат (Сыдыкбеков).
- 7. Уялчаак эмес, айтар оюн шар айткан, ичинде сактабаган. Адыл — ачык мүнөздүү.. салмактуу жигит (Сыдыкбеков).
♦ Айдан ачык — к. ай I. Кабагы же көңүлү ачык — көңүлү көтөрүңкү, шат, көңүлдүү. Ачык-айрым — оюн ачык айткан, сыр сактабаган, жайдары. Ачык ооз — аркы-беркини көп байкабаган, аңкоо, элегей. Колу ачык — берешен, март, жоомарт, эч нерсени аябаган. Көзү ачык — 1) диний түшүнүк боюнча: ар кандай жин, шайтанды ж. б. көрө билген. Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт (Аалы); 2) көптү билген, келечекти көрө билген, ар нерседен кабары бар. «Кум бириксе таш болот, кул бириксе баш болот, — дечү экен көзү ачык бабаларыбыз (Аалы). Көзү ачык кетүү — к. көз. Маңдайы ачык же ачык жүздүү — жайдары, пешенелүү; көңүлү куунак.
АЧЫК II ачуу II менен бирдей.
АЧЫК III этиш. Курсагы ачуу. Манас сага келгени, Арык элек семирдик, Ачыккан элек, тоюндук («Манас»).
|
Склонение по падежам - "ачык"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
Именительный Кто?, Что? | ачык |
Родительный Чей? | ачыктын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | ачыкка |
Винительный Кого?, Что? | ачыкты |
Местный Где?, У кого? | ачыкта |
Исходный Где?, У кого? | ачыктан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
Именительный Кто?, Что? | ачыктар |
Родительный Чьи? | ачыктардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | ачыктарга |
Винительный Кого?, Что? | ачыктарды |
Местный Где?, У кого? | ачыктарда |
Исходный Откуда?, От кого? | ачыктардан |
Получить все переводы слова - "ачык" по направлению Кыргызский-Кыргызский.Найти все переводы слова "ачык" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ачык"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ачык
|