|
Кредит
|
|
Кредитор тарабынан карыз алуучуга өз учурунда кайтаруу, мөөнөтүндө төлөө жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында берилген каражат. Кредиттер төмөнкүдөй негизги формаларга бөлүнөт: а) ишканалардын, фирмалардын жүгүртүү каражаттарын топтоо үчүн каралган, бир жылга чейинки мөөнөткө берилген кыска мөөнөттүк кредит; б) инвестициялык капитал катары пайдаланылган, бир жылдан ашкан мөөнөткө берилген узак мөөнөттүү кредит; в) кепилдик, камсыздоо алдында берилген гарантиялык кредит; г) мамлекет карыз алуучу катары, ал эми мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар кредитордун ролунда иш алып барган мамлекеттик кредит; д) банктар тарабынан акчалай формада сунушталган банктык кредит; е) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө сунушталган жана керектөө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдонулган керектөө кредиттери; ж) карыздык милдеттенмелер боюнча юридикалык жактар жана жеке адамдардын бири-бирине берген же сатуучулар тарабынан сатып алуучуларга товардык формада сунушталган (бөлүп төлөө шартында сатуу) коммерциялык кредиттер; з) сатып жаткан тараптын товарларын сатып алуу үчүн сатуучу тарабынан сатып алуучу тарапка аванс формасында сунушталган эл аралык (чет өлкө) кредиттер; и) кыймылсыз мүлктү күрөөгө алуу менен берилген ипотекалык кредит.
|