Меню
Эл-Сөздүк

Комуз

Комуз – чертме кылдуу музыкалык аспап. Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптарынын негизгилеринин бири. Комуз байыркы мезгилден бери белгилүү жана анын пайда болушун элдик уламыштагы аңчылык менен байланыштырат. Комуз өрүктүн, алмуруттун, карагайдын, арчанын, жапан талдын жыгачынан негизги бөлүгү алмурут түспөлдөнтүп чабылат. Ал баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылдары көбүнчө койдун ичегисинен жасалган. 20-к. аспаптар оркестринде пайдалануу үчүн комуздун модернизацияланган түрлөрү пайда болду. Кылдары да жасалма жиптен тагылып калды. Азыр комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү бар. Электр-комуз да колдонулуп жүрөт. Айрым усталар мурдагыдай туюк чапай, курама жол менен да жасап жатышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 245-б.).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокомуз
Множ. числокомуздар
Связанные слова
черт
күү
комузчу
комузчулук
Склонение по падежам - "комуз"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?комуз
Родительный Чей?комуздун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?комузга
Винительный Кого?, Что?комузду
Местный Где?, У кого?комузда
Исходный Где?, У кого?комуздан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?комуздар
Родительный Чьи?комуздардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?комуздарга
Винительный Кого?, Что?комуздарды
Местный Где?, У кого?комуздарда
Исходный Откуда?, От кого?комуздардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: