Menü
Эл-Сөздүк

КОНФЛИКТ

КОНФЛИКТ (латынча conflictus — кагылышуу) — көркөм чыгармадагы карама-каршылык, каармандардын ортосундагы кагылыш, күрөш аркылуу сюжеттин өнүгүшү. Теориялык адабияттарда К. негизинен драмалык чыгармаларга мүнөздүү экендигин белгилешет. Анткени, К. драмалык жана эпикалык чыгармаларда аракеттердин өөрчүшүн жана мүнөздөрдүн ачылышын ишке ашыруучу негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат. К. сюжеттин өнүгүшүнүн башкы этаптарын аныктайт: окуянын башталышы, чиелениши — К-тин пайда болушу, К-тин курчушу (Кульминация), чечилиши. Ар кандай эпикалык чыгармада окуялардын, мүнөздөрдүн кагылыштары сөзсүз учурайт. Мындай ситуациялык көрүнүштөр сюжеттин өөрчүшүнө алып келет. «Манас» үчилтигинде мындай ситуациялык көрүнүштөр салттык чоң окуялардан тартып, майда окуяларга чейин учурайт. Үчилтиктеги негизги К. ар дайым жоолаша жүргөн кыргыз менен кытай, калмактардын башкы баатырлары Манас менен Коңурбай, Жолойдун ортосунда жана Семетей, Сейтектин ички, тышкы душмандар менен болгон карама-каршылыгы, кагылышуусу аркылуу чыгат. Бирок ар бир чоң-кичине окуяда да өзүнчө К. бар. «Манастын» сюжеттик өзөгүнүн негизин түзгөн жана баш каармандын баатырдык жүрүштөрүндө түйүндүү окуяларга катышып, өздөрүнүн каармандык эрдиктерин көрсөткөн негизги каармандарга байланыштуу окуялар да сюжеттин өнүгүшүнө, татаалданышына зор салымдарын кошот. Каармандардын өз ара мамилелеринен келип чыккан ар кандай кырдаалдар улам бир жаңы окуяны пайда кылат да, сюжеттин мазмуну жаңырып отурат. Алсак, Алмамбет менен Көкчөнүн ортосундагы араздашуу, Көкөтөйдүн ашындагы Манас менен кандардын кагылышы, кытай, калмак кандарынын байгени зордуктап алып кетиши, жети кандын Манаска каршы аттанышы, Алмамбет менен Чубактын жол талашышы, ошондой эле Семетейдин Жакып, Абыке, Көбөш, Чынкожо, Толтойду жайлашы жана атасы Манастын кунун кууп Коңурбайдан өч алышы, Сейтектин Канчоро, Кыяс, Желмогуз уулу Сарыбай дөөнү, айрым варианттарда Коңурбайдын уулу Ките же Куялы менен согушу сыяктуу окуялар ар бири өз алдынча К-түү ситуацияны түзүп, эпостун мазмунуна жаңы мотив берип, окуяны улам тереңдетип, өөрчүтүп жүрүп олтурат. Мына ушундай көрүнүштөр аркылуу башкы каармандар — Манас, Семетей, Сейтектин баатырдык күрөшүнөн жыйынтык чыгарылат.
К. Кырбашев

Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)


Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: