Menü
Эл-Сөздүк

ДООЛ

ДООЛ — кол башчынын, баатырдын жоокерлер жана эл алдына салтанаттуу чыгуусун, салгылашуунун башталышын билдирүү, элди, аскерлерди, жыйынга чогултуу жана коркунучту кабарлоо милдеттерин аткарган жаргактуу, урма музыкалык аспап. Эпосто: «Ордого доол согулду, Орго кандын үстүнө Ойроттун баары чогулду» (Сагымбай Орозбаков, 2. 274),— деп айтылат. Жортуулдарда, жоокерлер жүрүшүндө алардын кыймылын тартипке салууда да Д-дун ыргактары чоң роль ойногон. Эпосто көбүн эсе добулбас түрүндө кезигет.
«Манаста» кездешкен «алтын доол», «жезден кылып ойдурган» деген сүрөттөөлөрүнө таянып, Д-дун жезден, мистен жана башкалар жумшак металлдан жасалганын жана кооздоо үчүн алтындын буусу жалатылганын айтууга болот: «Алтын курбу доолду Даң дедире салганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 138). Аспаптын сырткы тулкусу баатырлар кийген туулганы элестетет. Д. кайыш тасманын жардамы менен ээрдин кашына же болбосо канжыгага илинип коюлган. Мындай ыкма аспаптын кандай гана шартта болбосун тез ара «добуш салууга» мүмкүндүк түзгөн.
С. Субаналиев


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: