Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Доолорду бириктирүү

ДООЛОРДУ БИРИКТИРҮҮ – чогуу териштирүү үчүн бирнече доо талаптарды бир иш өндүрүшүнө бириктирүү. Талаптарды өзүнчө кароо максатка ылайыктуу деп тапкан учурда судья бириктирилген талаптардан бир же бирнече талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт. Талаптар бирнече доогерден түшкөндө же бир нече жоопкерге карата коюлганда судья эгер талаптарды өзүнчө кароону максатка ылайыктуу деп эсептесе, бир нече талапты өзүнчө иш катары бөлөт. Судья соттун кароосунда бир эле талаптар катышкан бир нече окшош иштер, же болбосо бир эле доогердин аркыл жоопкерлерге карата доолору, же аркыл жоопкерлердин бир эле доогерге жооп берүүчү бир тектүү иштери бар экендигин айкындаган учурда, эгер аларды бир өндүрүшкө бириктирүү талаштарды тезирээк жана туура кароого мүмкүндүк бере турган болсо, бул иштерди чогуу кароо үчүн бир өндүрүшкө бириктирүүгө укуктуу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: