Menu
Эл-Сөздүк

ДОБУЛ

ДОБУЛ — үстү алкакка керилген, төөнүн терисинен жасалган анча чоң эмес, урма музыкалык аспап, добулбас менен доолдун бир түрү. Ал колго алып жүрүп да, атчан жүргөндө ээрдин кашына илип коюп да ойнолгон. Бул байыркы аспап өзбектерге, тажиктерге чиндаул, казактарга, уйгурларга даулпаз деген аттарда тараган. Булар Д. менен жасалышы, аткарылышы жагынан өтө окшош. Д-дун «Манаста» башка аспаптардай эмнеден жасалганы айтылбаса да, ар дайым колдонулганы жөнүндө кеңири айтылат. Жоокерлер жоого аттанганда кабар берүүчү, жар салуучу жана башка билдирүүчү аспап катарында колдонулган. Эпос боюнча Манас көк асаба туу алып, көк жаңырган чуу салып, сандаган кол менен жоого аттанганда «Добул согулуп күңгүрлөп, Сел жүргөндөй күркүрөп, Өрт күйгөндөй дүркүрөгөн». Ал эми «Ордого добул согулса, Ойроттун баары чогулган» (Сагымбай Орозбаков, 2. 74). Бул жерде Д. калайык калкка кабар берип, эл чогулткан аспап катарында сүрөттөлсө да койчагыр үнү чаңырып, бараң мылтык бадырап атылып, кан төгүлүп жаткан учурда да «басылбай добул дабыраган». Мындай учурда Д. жоокерлердин кайратына кайрат, эрдигине эрдик кошуп, тайманбастыкка, тартынбастыкка, жеңишке үндөгөн. Ал эми Д. кагылганда Манастын кырк чоросу чабуулга аттанып, согуш ачышкан. Ал жөнүндө: «Кыйкырып добул кагышы Кырк баатырдын баарысы Кыямат кайым салышы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 85),— деп сүрөттөлөт. Д. куш салганда суу куштарын үркүтүү, учуруу үчүн да колдонулган.

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числодобул
Множ. числодобулдар
Склонение по падежам - "добул"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?добул
Родительный Чей?добулдун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?добулга
Винительный Кого?, Что?добулду
Местный Где?, У кого?добулда
Исходный Где?, У кого?добулдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?добулдар
Родительный Чьи?добулдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?добулдарга
Винительный Кого?, Что?добулдарды
Местный Где?, У кого?добулдарда
Исходный Откуда?, От кого?добулдардан

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: