Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ДОБУЛ
 

добул

 
добул I
1. град (сильный);
добул кагып кетти побило градом;
добул согуп кыйраткан эгин талаасы хлебное поле, уничтоженное градом;
2. буря.
добул II
то же, что доолбас.

добул

 
град

ДОБУЛ

 
ДОБУЛ — үстү алкакка керилген, төөнүн терисинен жасалган анча чоң эмес, урма музыкалык аспап, добулбас менен доолдун бир түрү. Ал колго алып жүрүп да, атчан жүргөндө ээрдин кашына илип коюп да ойнолгон. Бул байыркы аспап өзбектерге, тажиктерге чиндаул, казактарга, уйгурларга даулпаз деген аттарда тараган. Булар Д. менен жасалышы, аткарылышы жагынан өтө окшош. Д-дун «Манаста» башка аспаптардай эмнеден жасалганы айтылбаса да, ар дайым колдонулганы жөнүндө кеңири айтылат. Жоокерлер жоого аттанганда кабар берүүчү, жар салуучу жана башка билдирүүчү аспап катарында колдонулган. Эпос боюнча Манас көк асаба туу алып, көк жаңырган чуу салып, сандаган кол менен жоого аттанганда «Добул согулуп күңгүрлөп, Сел жүргөндөй күркүрөп, Өрт күйгөндөй дүркүрөгөн». Ал эми «Ордого добул согулса, Ойроттун баары чогулган» (Сагымбай Орозбаков, 2. 74). Бул жерде Д. калайык калкка кабар берип, эл чогулткан аспап катарында сүрөттөлсө да койчагыр үнү чаңырып, бараң мылтык бадырап атылып, кан төгүлүп жаткан учурда да «басылбай добул дабыраган». Мындай учурда Д. жоокерлердин кайратына кайрат, эрдигине эрдик кошуп, тайманбастыкка, тартынбастыкка, жеңишке үндөгөн. Ал эми Д. кагылганда Манастын кырк чоросу чабуулга аттанып, согуш ачышкан. Ал жөнүндө: «Кыйкырып добул кагышы Кырк баатырдын баарысы Кыямат кайым салышы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 85),— деп сүрөттөлөт. Д. куш салганда суу куштарын үркүтүү, учуруу үчүн да колдонулган.

добул

 
[dobul]
davul

добул

 
добул (мөндүр; доол эмес)
добул уруу

добул

 
зат. Катуу жааган мөндүр. Добул тийген эгиндей, Аянычтуу алда калган жүгүнүп (Аалы). Долу добул долуланып согулат, Асман каптап, кара булут чогулат (Бөкөнбаев).


Хотите добавить свой перевод для слово: "ДОБУЛ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru