Меню
Эл-Сөздүк

БАРГЕК

БАРГЕК — желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: