Меню
Эл-Сөздүк

Мобилизация

ҮРӨӨ, МОБИЛИЗАЦИЯ (лат. mobilis – кыймылдуу) – КР Куралдуу Күчтөрүнө, КР аткаруу бийлик органдарынын атайын түзүмдөрүнө же алардын бөлүктөрүнө жана согуш маалындагы курамына, ал эми КР экономикасында болсо мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, КР аймагына, менчик түрүнө карабастан юридикалык жактарды же алардын бир бөлүгүн согуш маалына жараша ишке которуу боюнча ишчаралардын комплекси. КРде Ү. ишчаралары толук же жарым-жартылай жүргүзүлөт. Ү. ишчарасы КР Президенти тарабынан жарыяланат. Ал эми Ү. боюнча чакырык жана согуш маалындагы кийинки чакырыктар КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
Перевести через онлайн Переводчик



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: