Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Юридикалык жакты жоюу
  • Юридикалык жакты жоюу
 

Юридикалык жакты жоюу

 
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫ ЖОЮУ – юридикалык жактын укуктарынын жана милдеттеринин укук улануусу ирээтинде башкаларга өтпөстөн токтотулушу. Юридикалык жак: а) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), болбосо уюмдаштыруу документтери ошондойго ыйгарым укук берген юридикалык жактын органынын чечими боюнча, анын ичинде, юридикалык жак эсептелип түзүлгөн мөөнөттүн бүткөнүнө, түзүлгөндөгү көздөгөн максаттарына жеткенине, же аны уюштуруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларга байланыштуу, алар кайра оңдолгус мүнөздө болгондугунан улам сот тарабынан юридикалык жактын катталуусу жараксыз деп табылганда; б) тийиштүү улуксаты (лицензиясы) жок ишмердикти жүзөгө ашырган учурларда, же мыйзам тарабынан тыюу салынган, же башка бир нече ирет жана одоно мыйзам бузуулар учурунда, болбосо юридикалык жактын уставына карама-каршы келген ишмердик менен такай алектенгенде, лицензияда белгиленген аткарымдарды ишке ашыруу банктардын, каржылык-кредиттик уюмдардын же мекемелердин жападан жалгыз улуксат берилген ишмердиги болуп саналган учурларда лицензияларын чакыртып алганда, ошондой эле КР жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда соттун чечими менен жоюлуусу мүмкүн. Коммерциялык уюм болуп эсептелген, болбосо кооператив, кайрымдуулук же башка фонд түрүндө аракеттенген юридикалык жак аны кудуретсиз катары тааныганда жоюлат. Юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же Ю. ж. ж. жөнүндө чечим кабыл алган орган жоюучу комиссияны (жоюучуну) дайындайт жана жоюунун тартибин жана мөөнөттөрүн аныктайт. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ушул тууралуу жазуу түшүрүлгөндөн кийин гана Ю. ж. ж. аяктады, ал эми юридикалык жак өзүнүн жашоосун токтотту деп эсептелет. КРУБ лицензиялаган төлөөгө жарамдуу юридикалык жакты – банкты же каржылык-кредиттик мекемени жоюу банктык аткарымдарды жүзөгө ашыруу банктар жана башка каржылык-кредиттик мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен лицензиясы чакыртылып алгандан кийин гана жүргүзүлөт.

Получить все переводы слова - "Юридикалык жакты жоюу" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Юридикалык жакты жоюу" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Юридикалык жакты жоюу"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru