Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Кызматтан кетүү

КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ – 1) кеңири маанисинде алганда, кызмат адамдарынын мамлекеттик кызматтан же мамлекеттик кызмат ордунан кетүүсү; 2) аскердик кызматтагы офицердик тутумга кирген кызматкерлердин же прапорщиктердин жашына, оорусуна ж. б. байланыштуу кызматтан бошонуусу; 3) конституциялык укуктагы КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добушу аркылуу өкмөткө ишеним көрсөтпөөсү боюнча өкмөттүн, анын башчысынын же министрлердин кызматтан кетүүсү. Ошондой эле кызмат ордуна шайлоо жолу аркылуу келген мамлекет башчысы менен айрым кызмат адамдарынын иши да КР конституциялык мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: