Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Жазуу жүзүндөгү бүтүм
  • Жазуу жүзүндөгү бүтүм
 

Жазуу жүзүндөгү бүтүм

 
ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ БҮТҮМ – жазуу жүзүндө жасалуучу (жөнөкөй же нотариалдык) бүтүмдөр. КР жарандык мыйзамдары боюнча бүтүмдүн мааниси камтылуу менен, бүтүм жасаган жактын же жактардын же алар белгилүү деңгээлде ыйгарым укук берген жактардын өздөрү кол коюу аркылуу түзүлгөн документтер жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүм катары эсептелет. Эки тараптуу (көп тараптуу) бүтүмдөр баардык чыккан тараптардын колу коюлган документтерди алмашуу жолу менен түзүлөт. Мыйзам чыгаруу аркылуу жана тараптардын макулдашуусу менен, бүтүм таризине шайкеш келе тургандай (белгилүү бир тариздеги бланкага жазылып, мөөр менен бекитилген) кошумча талаптар белгилениши мүмкүн, жана да ал талаптарды аткарбай коюу кандай кесепеттерге алып келе тургандыгы каралат. Эгер мындай кесепеттер каралбаса, жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүмдөрдүн талаптарды аткарбоо кесепети колдонулат. Бүтүм жасоодо механикалык каражаттардын жардамы менен кол коюуну түгөйлөштүрүүгө же дагы башка көчүрмө, электрондук-сандык кол коюуга же жекече кол коюунун дагы башка түрлөрүнө мыйзамдарда каралган учурларда жана тараптардын макулдугу менен гана жол берилет. Эгер жаран мүчө кемчилдигине, оорусуна же сабатсыздыгына байланыштуу жеке өзү кол койо албаса, анын өтүнүчү менен башка бирөө кол коюшу мүмкүн. Ошол адамдын койгон колу нотариалдык иш-аракет жасоого укугу бар нотариус тарабынан бүтүм жасоого катышып жаткан жактын эмне үчүн жеке өзү кол койо албагандыгынын себебин көрсөтүү менен, күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Получить все переводы слова - "Жазуу жүзүндөгү бүтүм" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Жазуу жүзүндөгү бүтүм" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Жазуу жүзүндөгү бүтүм"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru