-
Далилдин жетиштүүлүгү (же алардын жыйындысы)
-
ДАЛИЛДИН ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮ (же алардын жыйындысы) – далилдерге карата мыйзам тарабынан коюлуучу талаптардын бир түрү; бир нерсени бекемдөө үчүн чогултулган далилдер ишенимдүү жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет дегенди түшүндүрөт. Эгер мындай жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бербесе, анда ал далилдердин же алардын жыйындысынын жетишсиздигин көрсөтөт. Ошентип, жалгыз-жарым кыйыр далилдер дайыма жетишсиз болот, анткени ал далилденүүчү нерсе тууралуу ишенимдүү эмес, жоромол түрүндө гана жыйынтык чыгарууга алып келет. Бири-бирине карама-каршы т. а. аныктыгы талаш туудурган далилдер да (кызыкдар күбөнүн көрсөтмөсү, башка маалыматтар менен бекемделбеген тараптардын түшүндүрмөсү ж. б.) жетишсиз болуп саналат. Далилдердин жетишсиздиги кошумча далилдерди чогултуу жолу аркылуу жоюлмайынча, сот чечиминин негизине киргизилбейт.
Найдены по другим направлениям
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Далилдин жетиштүүлүгү (же алардын жыйындысы)