|
Далдалчылык орун
|
|
ДАЛДАЛЧЫЛЫК ОРУН – белгилүү бир биржа соодасына катышуу укугуна ээ болуу үчүн биржа мүчөлүгүнө өтүү. Д. о. төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет: а) биржа алкагында жеке керектөөсү үчүн товар сатып алуу менен, өзалдынча бүтүмдөрдү түзөт, кардарлардын тапшырыгы боюнча аткарымдарды жасоо менен, ортомчулук бүтүмдөрүн түзөт; б) биржа аткарымдарын жүргүзүүдө аз чыгым тартуу – биржа мүчөлөрү биржа жыйымдарынан бошотулат жана биржага мүчө болбогон жактардан алынган каражаттардын эсебинен кандайдыр бир кошумча киреше алууга укугу бар; в) маалыматтарды биринчи кезекте алуу менен, кардарларга коммерциялык-маалымат кызматын көрсөтөт; г) биржаны башкарууга катышат. Биржа мүчөлөрү аржыл сайын мүчөлүк акы төлөп турууга милдеттүү.
|