Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ
  • ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ
 

ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ

 
Бул буюмга түшкөн көркөм каражаттар. Ал негизинен килем көчөттөрүнө окшошот. Ошентсе да «баргекче», «казан кулак», «кырк мойнок», «бычак учу», «бачайы көчөт», «алтымыш жиптүү ай көчөт», «токсон жиптүү тор көчөт» жана башка ушул өңдүү көркөм каражаттарды өрмөкчүлөр термечилер өрмөкчүлүккө кеңири пайдаланып келишкен. Адатта, буларга «тай туяк оюму» түшөт да, ачык сары, көк өң менен четине «бычак учу» берилет. Ал «араа тиш» аркылуу да кооздолушу мүмкүн. Түштүк Кыргызстандын уздарынын узданууларына ылайык төмөндөгүдөй негизги көркөм көчөттөрү бар. Алсак: «тай туяк көчөтү» (бул 15— 25 тал жиптен терилет да, тайдын изи сымал түшөт). «Тайлак таман» (түр тайлактын изи өңдөнүп турат), «Тогуз төбө» — «Кочкерек» (кайкалак) көчөттөрү үчүн 60 тал жип керектелет. Ал эми 90 жип аркылуу «кырк шак» көчөтү терилет. Булардын «бычак учу» айдан ачык айырмаланат. (Орус балтанын башын, бычак учун элестетет). Мындайынан караганда ал шырдак оюмундагы «араа тиш», «бычак учу» болуп саналат.
      Айткандай, «кочкорек», «кайкалак», «кочкор мүйүз» көчөттөрү бири-бирине окшош. Айрым аймактарда булар аралаш айтыла берет. Өрмөкчүлүктө «тогуз төбө» алты, беш жылдыз өңдүү берилет. «Тай туяк», «тай таман» көчөтүнөн айырмаланып, алты бурч болуп, ал чарчы көрүнөт. «Ит таман көчөтү» мындан сөлпү келип, иттин таманын баамдатат.
      Өрмөкчүлүктө жүз ачаар көчөттөрдүн бири «кош мүйүз» ромбиктин эки жагында берилет да, ал «чагармак» менен «шак» көчөттөрүнө окшошуп кетет. «Башайы көчөтү» ромбиктин ичинде өзүнчө көчөттүн татаал элементин пайда кылат. Бул Түштүк Кыргызстанда кеңири тараган. Өрмөктө «кыял көчөтү» алты элементтен турат. Мындан сырткары «сыңар мүйүз» «жарым чагармак» болуп көрүнүшү ыктымал. «Ала мончок» терме өнөрүндө чабалакейдей элпек, бардык жерде катышып жүрө берет. Өрмөкчүлөр мына ушундай көркөм каражаттарды узчулугуна бай каражат катары өздөштүрүп, аянттуу буюмдарды жасап жатышкандыктарын көрөбүз. Терменин «кажары» (букары) түрүндө көркөм көчөттөрдүн берилиши бөлөкчөлөнүп кетет. Мында негизги көчөттөрдүн бирине «табакча» кирет. Мунун бештен эки тиши тумарчадан бөлүнүп чыгат да, ал төрт бурчтукка эки канатчадан чыгат. «Таракча көчөтү» үч тиштен да болушу мүмкүн. Аны айрымдар «айрыча» деп да аташат.
      Кажарыда көчөттөрдүн эң татаалы «чатырма» (чатыраш) болуп саналат. Көчөттүн он-он беш элементтери бутактана барат. Эки четтери төрт бурчтукту түзүп, көчөттөрүнүн аяк-башы ирээтсиз, андан майда таракчалар чыгат. Мындай аты айтып тургандай чатышма түрдү чанда өрмөкчү-термекчилер гана сого алышат.
      Кыргыздарда килемден мурун өрмөк өнөрү чыкканы баамдалат. Өрмөкчүлөр таар четине ак-карадан өзүнчө өрмөктө согулган буюм жээги жасалат. Анын четинде «каркыра изи» түшкөнү билинип турат. Мунун борбордук көчөтүндө «91 жиптүү тор көчөт» түшөт. Ичинде «кайкалак», анын ичинде «жолборс көзү» бар. Табакчалардын ортосунда «колтук» түшөт. Ансыз «жолборс көзү» көчөтү пайда болбойт. Табакчалардын ортосу «тумарча көчөтү» аркылуу бири-биринен» айырмаланат. Мында буюм четине «пара көз» көчөтүн түшүрүп алып, анан ак-кара өңдө «тескери кайкалак» берилет.
      Ортолук көчөтүнө «61 жиптүү ай көчөт» келип, андагы кош кайкалактын ичи «бычак учунан» турат. Термеде ар бир табакчанын ортосунда «колтук» бар. Ансыз «61 жиптүү ай көчөт» түшпөй калат. Ушул эле күзүктөлгөн өрмөк аркылуу бөлөк көчөттөрдү түшүрүүгө мүмкүн. Мында «кычкач», «чөмүч сабы» өңдүүлөр берилет да, ортосуна «бычак учу» түшүп, көчөттөр «жеке сабак» (жалгыз сабак) менен биригип, өзүнчө табакчаларды пайда кылат. Ал эми таардын үчүнчү түрүндө «41 жиптен 40 мойнок көчөтү» жаралат. Болжолдо, «кайкалак көчөтү» жаралат, «кайкалак көчөтү» өрмөкчүлүктө биринчи чыккан деген кеп бар.

Получить все переводы слова - "ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru