ҮШКҮ |
Үшкүнүн жумушчу бөлүгү жаанын жебесинин учу түспөлдүү келет. Ал өтө курч, шиштүү болот. Анын сабы алты-сегиз кырдуу, буроонун (гайканын) түспөлүн берет. Мына ошого кайыш оролот. Үшкү жерге кагылган эки жыгачка орнотулат. Кайыштын эки учунан кармап туруп, алмак-салмак кое берип тартуу менен үшкү кыймылга келип айланат. Мында чебер өзү үшкүлөйт. Жардамчысы темгил түшкөн жерин үшкүгө кармап берет. Азыр чеберлер үшкү ордуна бургу (сверло), матоо ордуна пресстөөчү станокторду пайдаланышат. |
Получить все переводы слова - "ҮШКҮ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ҮШКҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ҮШКҮ"?
Ввойти