ШЫМ |
Муну, күндүн көзүн тийдирбей, кунтуйтуп каттырбай, табы менен иштетет. Жаргак шымга бышык кездемеден эки элидей көбөө коюлат. Шымдын багалегинин шара тилигинин эки өңүрү жана этигине көркөм оюмдун сайма көчөттөрүн түшүрүшкөн. Ал кооздуктар кездеме шым жана кемселге түшкөн көчөт-оюмдарга үндөшүп кетет. Аны көбүнчө ботонун жүнүнөн ипичке ийрип, чыйрак чыйратып, челдеп, түрдүү ыраңга боеп, ийне сайма аркылуу жүзөгө ашырат. Мындай шымды «кештелүү шым» деп айтат. Тери шым (чалбар шым) ичи түктүү келет да, суукта кийилген. Анын жердиги көбүнчө кой-козунун терисинен болот. Аны адегенде челдеп, ашатып алып, анан өңдөп (бордоп), ага ышкын түп жабат. Же ошол өңдөлгөн боюнча эле бычылат да, тигиштери көк, кара өңдө милтеленип, багалегинин учу да адими кездемден төрт-беш элидей көбөөлөнөт. Таар шымдын жердиги, албетте, жүн болот. Көбүнчө төөнүн, койдун жүнү текши, ичке ийрилип, жип чыйрак чыйратылат. Буга курулган өрмөк башка таар буюмдарындай эле эндүү согулат. Согулган жердик өлчөнүп бычылат. Тигиштерине кош каттала чыйратылган башка өңдөгү жиптен милте коюлат. Кыргыздарда тепме шым да болгон. Аны жасоодо уздар тепме чепкендин ыкмасын колдонушкан. Кездеме шымдын жердиги чий баркут, баркут, трайке өңдүүлөрдөн болот. Жаштар кие турган шымдын шара тилик багалектерине жаргак шымдыкындай көбүнчө көк, кызыл, жашыл жиптер менен сайма көчөттөрүнүн жана көркөм оюмдарынын түрлөрү жарашыктуу түшүрүлөт. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | шым |
Множ. число | шымдар |
Склонение по падежам - "шым"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | шым |
Родительный Чей? | шымдын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шымга |
Винительный Кого?, Что? | шымды |
Местный Где?, У кого? | шымда |
Исходный Где?, У кого? | шымдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | шымдар |
Родительный Чьи? | шымдардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шымдарга |
Винительный Кого?, Что? | шымдарды |
Местный Где?, У кого? | шымдарда |
Исходный Откуда?, От кого? | шымдардан |
Получить все переводы слова - "ШЫМ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ШЫМ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ШЫМ"?
Ввойти