ТҮНДҮК ЖАБУУ |
Түндүк жабуунун төрт бурчунун ички тарабына үч бурчтуу кийиз тигилет. Ал «Калтача» деп аталат. Күн жааган чакта үйдүн ичинен бакандын учун киргизип, түндүк жабууну көтөрүүгө шартташкан. Ак өргөөлөрдүн түндүк жабуусунун ичи адими кездемелерден астарланып, ага да шырдак оюмдарын түшүрүүгө көңүл бурулган. Алсак төрт «табак» же «капкан» оюмдары берилип, мунун ичи төрт «жүрөкчөдөн» турат. Оюмдун төрт жеринен «мүйүз оюму» чыгат да, төрт оюм бири-бирине төрт тарабынан төп жана так тутумдашат. Буга ак-кара, кызыл-көк, кызыл-кара өңдөр мүнөздүү болот. |
Получить все переводы слова - "ТҮНДҮК ЖАБУУ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ТҮНДҮК ЖАБУУ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ТҮНДҮК ЖАБУУ"?
Ввойти