Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ТҮЗГҮНДӨӨ
  • ТҮЗГҮНДӨӨ
 

ТҮЗГҮНДӨӨ

 
камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан эки көк, илмесинен да эки көк түз өрүлөт. Ошондо өрүм оролуна айланып, пружина сымалданып түшөт. Анан өзөктү экиге бөлүп, анын ортосуна көктү кийирип, көктүн учу аркылуу кайышты бекитип коет. Мындай түзгүн камчыланууда бышык болот.
      Өрүм бир нече тиликтерден куралып, ал биригип, өзүнчө буюм жаратат. Буга темир шөкөт чабуу кандайдыр бекердей туюлат. Анда биринчиден, шөкөттөр өрүмгө жакшы кармалбайт; экинчиден, ошол шөкөттөрдүн чабылган жери өрүмгө туура келбей, тилик (тал) кайыш үзүлүп калышы ыктымал; үчүнчүдөн, өрүмдүн ичинен өрүм чыгып, кайталана берсе, ал кооздук, өнөр, чыгарма катары каралат. Эми ага дайыны жок эле бирдемелерди чаба берүүбүз көркөмдүктүн наркын төмөндөтөт. Эгер күмүш болсо, ага «зооткер» түшүрсөк, анда буюм үчүн түбөлүктүү кооздук жаралат. Темир шөкөттөрү кайык ыкмаларына гана кынаптап чапса, ойдогудай кармай алат. Эгер өрүмгө биз сөзсүз кооздук түшүргүбүз келсе, өрүмгө кара булгаары бастырса, жарашат. Кайыкчылыкта да кара кайышка ак кайыштан «тап бердирип», шөкөт ордун көркөмдөгөндөр бар.

Получить все переводы слова - "ТҮЗГҮНДӨӨ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ТҮЗГҮНДӨӨ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ТҮЗГҮНДӨӨ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru