Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ТОН
  • тон
  • тондо-
  • тондоо
  • тондук
  • тондуу
  • тонер
  • тонна
  • тоннаж
  • тоннала-
  • тонналат-
  • тонналоо
  • тонналык
  • тоннель
  • тонно-километр
  • тоно
  • тоно-
  • тонол
  • тонол-
  • тонолуу
  • тонометр
 

ТОН

 
(Бостон) — «Ак боз ат минип теңселип, Ак күбө тонду белсенип, Ак сакалы сеңселип» (Манас). «Тон кадырын ээси билет» — (макал). Бул — койдун, эчкинин, кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын да жерге таштабайт, андан курак көлдөлөң, балдарга кийим-кечек бычылат. Малдын, кайберендердин жана аң терилери көчмөңдүү элдин турмуш-тиричилигинде тигил же бул кийим-кечелерди жасоого өтө керектүү жердик болгон. «Тогуз катар торкодон, токту акемдин түгү өттү» — деген накыл айтылат.
      Тон — өңдөлгөн (бордолгон) тон, ышкын түп жапкан тон (боелгон) тон делинет. Карыяларыбыз көөлбүп кие турган тондун жакалык көрпөсүнүн жүнүнүн узундугу эки-үч элидей болот да, адатта, тармал кара көрпөдөн салынышы нарктуу көрүнөт. Анын өңүрү жана этек-жеңинин жүнү кыска кара көрпөдөн болот. Кара кыжымыдан, чий баркуттан эни карыштай жана андан жазыраак көбөө коюлат. Тондун этек-жеңинин, өңүрүнүн көрпөсүнүн жүнү жайкалып чыгып турат.
      Тон топчуланбайт. Кол башы менен түрлөнүп чалынган, топ чачыланган боо аркылуу байланат. Күмүш сакалдарын жайкалтып, каалгый кийген мындай сырт кийимдин ичи да кара көрпөдөн болушу тийиш. Тондук тери боедон өткөндөн кийин аны кийген чакта куучуйуп тарып кетпеши үчүн керип-чоюп, колдо ийлеп, булуң-бурчтарын керип тырмактап бычкан. «Жымырата тиктирген, Жылаан боор бүктүргөн» (Калык). Тигишин жаткызыш үчүн тиштеткен.
      Жоого каршы аттанганда кийүүчү тонду «туулга тон», «чарайна тон» деп аташкан.
      Кийинчерээк уздар бүйүрмө тон да тигишкен. Анын этеги жайылып кенен, бели беш-он жеринен бүйрүлүп, көкүрөк тарабы денеге чакталып бычылат. Анын көбөөлөрүнүн эни эки элидей келет да, жүнү кыска ак, кара көрпөдөн болот. Мында көбөө кийимдин этек-жеңинен, өңүрүнөн сырткары төштүн эки жагына да бастырылат. Бүйүрмө тондун жакасы пальтонукундай болот да, буга көбүнчө темир илгич коюлат. Антип көбөөлөнбөй, бүйүрмөлөнбөй эле жакалуу же жакасыз этек-жеңи кенен тондор да тигилет. Тонду тигүүдө жана кийип жүрүүдө да аймактык айырмачылыктар көрүнүп турат.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотон
Множ. числотондор
Синонимы
чепкен
чапан
ичик
Связанные слова
тондо
тондук
Склонение по падежам - "тон"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?тон
Родительный Чей?тондун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тонго
Винительный Кого?, Что?тонду
Местный Где?, У кого?тондо
Исходный Где?, У кого?тондон
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?тондор
Родительный Чьи?тондордун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тондорго
Винительный Кого?, Что?тондорду
Местный Где?, У кого?тондордо
Исходный Откуда?, От кого?тондордон

Получить все переводы слова - "ТОН" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ТОН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ТОН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru