МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ |
«Музоо тиштин» берки «суйсалма өрүмү», «жылан боор өрүмү» өңдүү татаал өрүмдөрдөн айырмасы байкалып турат. Мисалы, «суйсалма өрүмдө» бирден терилип, үчтөн басылса, «жылан боор өрүмдө» бирден терилип, экиден басылат. Демек, «музоо тиш» бирден басылып, бирден өрүлгөндүктөн учунан да, ортосунан да такыр жанбайт. Айрым өрүмчүлөр «музоо тиш өрүмүн» алты тал эле кайыштан өрүп берет. Ортосуна өзөк коюлуп, өрмөсү анча сыйда болбой, одуракай көрүнөт, өрүмдүн ыкмасы оңой келет. Анда алты тал үчтөн экиге бөлүнүп, өрүмү сол колдон бир талды алдыга коет да, оң колдогу көктү үстүнөн басат. Муну көк менен да чеберлер алты тал аркылуу өрө алат. «Музоо тиш өрүмүн» «торпок тиш» деп да атайбыз. |
Получить все переводы слова - "МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ"?
Ввойти