КЕРЕГЕ |
Канат боо — жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына, уук баштарына жараша болот. Айрым жерлерде «арзан көз» кереге деп аталат. Бат жайылып тигилип, тез жыйналып, жазылышы үчүн «жел көз» керегелер да болот. Ал көчүп-конууга жеңил да, оңой да келет. Жыгач аз чыгымдалат. Илгери кышында «тор көз» керегелер тигилчү. Анын көзүнөн муштум араң батат. Кенендиги сөөмгө да жетпейт. Калын кар түшкөн кезде ошол керегелер чыдамдуу келген. «Уук-кереге» деп эгиз айтылат. Анткени, ал ар бир гана адамдын колунан жаралат. Айрым чеберлер керегелерди үчкө бөлүп узанышат. «Тор көз» керегенин көктөлгөн көктөрүнүн аралыгы 16 смге, «Орто көз» керегеники 18 смге, «жел көздүкү» 20 смге барабар. Ал эми кереге бүктөлгөн чакта — үчөөнүкү 32—30—40 см болот. Керегенин талынын жазылыгы үч см, туурасы эки жарым см, дм 11 см, керегенин жыйылгандагы узундугу — 75 баштуу үйдүкү эки метр 10 см, 65—66 баштуунуку эки метр болот. Керегенин башы ортосуна чейин 20 см. бүкүрөйүп турат. Башы болсо 50 см. чалкалайт. Кереге башы-аягы 10 см, кереге кайчысынын аралыгы 8—10 см ди түзөт. Кереге аягы да 8—10 смге барабар. Мында керегени босого-таякка аштоодо эки кереге кыйгач кесилип, бирөө босого-таякты түз олтургузат. Айрым аймакта үйдүн жыгачтарын сырдоодо жошого май кошуп кайнаткан да, ал эки жолу боелгон. Боз үйдүн ушундай формасында үй эмеректери сыйымдуу келет. Усталар керегенин жыгачынын ийриликтерин аныктоо үчүн анын жыйылып жана жайылып калышкандагы мыйзамченемдүүлүктү даана билишет. Ошондуктан, бөйрөктүү болгондуктан, «Боз үй тигели, эл көп батат» дешип, боз үй тигүүбүз да бекеринен эмес. Чакан боз үй үчүн керегенин жыгачтарынын ийрилигин усталар атайын өтө чоң кылып маташат. Ушундан улам боз үйлөрдүн симметриялуулугу (төптүгү), көркөмдүгү (тактыгы) келип чыгат. Натыйжада, чоң боз үйдүн жыгачын кичине боз үйгө тигүүгө болбойт. Усталар жасалуучу боз үй чоң келсе, анын жыгачынын ийрилигин кичине, ал эми кичине боз үйдүн жыгачынын ийрилигин чоң кылып жасашкан. Кереге эки жерден, уук бир жерден маталат. Демек, ууктун билегин төрт кере карыш кылып койсо, үй көрктүү да, көптүү да тигилет. Өйдө жагы түптүз болсо, кийиз тегиз тиет. «Учаарыңды жел, конооруңду сай билет» дегендей устанын кармаган үлгүлөрүн эл тааныйт да, эл калыс таразалайт. Жыгачтардын бири-биринен айырмаланган ички касиеттерин, ал эмнеге жарактуу, кайсы жыгачтан кандай буюм жаратууга болорун чеберлер так, ачык жооп бере алышат. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | кереге |
Множ. число | керегелер |
Склонение по падежам - "кереге"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кереге |
Родительный Чей? | керегенин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | керегеге |
Винительный Кого?, Что? | керегени |
Местный Где?, У кого? | керегеде |
Исходный Где?, У кого? | керегеден |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | керегелер |
Родительный Чьи? | керегелердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | керегелерге |
Винительный Кого?, Что? | керегелерди |
Местный Где?, У кого? | керегелерде |
Исходный Откуда?, От кого? | керегелерден |
Получить все переводы слова - "КЕРЕГЕ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КЕРЕГЕ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЕРЕГЕ"?
Ввойти