КЕМЕНТАЙ |
Кементай кийинчерээк көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан мындай үлгү болоорлук бөтөнчө түрүн эске тутуу зарыл. Кементайдын ичиктики өңдүү кайырма жакасы болот. Бул кара, көк, көрүң баркуттардан тандалат да, жаканын этегине топчулук, бүчүлүк тагылат. Кийимдин жакасына тегерете көркөм көчөткө «бадам оюмун» келтирип, «илме сайма» аркылуу кызыл жип менен кыялданта берип, анын ортолорун эндей калтырып, четинен ак же сары өң менен жээктеп сайса, түшүрүлүп жаткан көчөт кашкаят. Жеңи да сөөм карыштай баркут менен кыюуланган кементайга жогорудагы көркөм көчөттөр дал өзүндөй кайталанат. Кийимдин өңүрүнүн өзүнчө этегине тегерете кара жиптен «ала мончоктоло» «көбөө» (жээк) түшөт. Аралыгы карыш-сөөмдөй ага жүрөк тушунан, этек үстүнөн карадан «секиртме сайма» менен «суу» берилет. Жаштарга ылайыктуу кементайларга кур курчоого да болот. Ал бир, бир жарым эли (2—3 см) колдо чалынган чааралекей ич курга (ычкырга) окшош келет. Анын төрт, алты жеринде ак жүндөн ийрилип, чыйрак чыйратылып, челденип, барпайган «топ чачыктары» төгүлүп турат. Кийимдин үч түрү бар. Сөөлөттүүлөр кие турган кементайдын ичи ичтелет. Этек-жеңи адими кездеме аркылуу кыюуланат. Ага бир бүтүм кылып, окшош бөрктүү кыюусу менен ак калпак тигилет. Жылкычынын кементайы аттанып-түшүүгө элпек тизе шыйрактарды жабууга, оронуп жатууга этек-жеңи кең, жаан өтпөгөндөй кийизден жасалат. Койчулардын кементайынын жылкычылардын кементайынан айырмасы бешмант өңдүү болуп, тоо-таштарда, адыр-белестерде жөө жүрүүгө шартташат. Натыйжада, эл оозунда «Жыргал менен жылкы багат. Кокуй менен кой багат» — деген кеп калат. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | кементай |
Множ. число | кементайлар |
Склонение по падежам - "кементай"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кементай |
Родительный Чей? | кементайдын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | кементайга |
Винительный Кого?, Что? | кементайды |
Местный Где?, У кого? | кементайда |
Исходный Где?, У кого? | кементайдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кементайлар |
Родительный Чьи? | кементайлардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | кементайларга |
Винительный Кого?, Что? | кементайларды |
Местный Где?, У кого? | кементайларда |
Исходный Откуда?, От кого? | кементайлардан |
Получить все переводы слова - "КЕМЕНТАЙ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КЕМЕНТАЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЕМЕНТАЙ"?
Ввойти