Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАЛМАК ӨРҮШ
  • КАЛМАК ӨРҮШ
 

КАЛМАК ӨРҮШ

 
жөнөкөй өрүмдүн эң эски ыкмаларынын бири. Ага он эки көктүн үстү-астына бирден тал «аркак» болуп түшүп отурат да, бир кыр чыгат. Мында «куюшкандын кошундусуна» чеберлер жыйырма төрт тал тилет. Анын кандай жупталып кеткени жиксиз болот. Өрүмдө тал кайышты тоголок кылыш керек. Андыктан сууга салып, «сыдыргыдан» өткөрүлөт.
      Калмак өрүштүн экинчи түрүндө аны эки талдан алты кыр чыгарып өрүүгө болот. Ат жабдыктарына кайышты бир метр 30 см. кылып тилсек, өргөндө токсон см. ге кыскарат да, ал орточо токулгага чак келет. «Калмак өрүмдөн» «калмак байлоо» деген келип чыгат.
      Чебер тилинген көктү жумурулап, тоголок эшип алат. Аны өткөрүштүрүп байлап отурат. Мындай караганда «чаян түйүштөй» буга «түйүм өрүм» окшошот. Ал — «өткөрүп түйүп» өрүү. Мунун көгү эки бүктөлүп, бири-бирине каршы өткөрүлүп түйүлөт. Булардан «калмак байлоо» түйүмү татаал келет. Буга, үндөш «жарым өрүмгө» тогуз тал кайыш тилинет да, буюмга карата ал жазы да, ичке да болушу тийиш.
      Ат жабдыктарынын жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, чаболон өңдүү бөлүктөрүн жалпысынан «калмак өрүм» деп да атайт. Анткени, өрүмдөр жазы болот да, бир бүтүмдү түзөт. Бирок, калмак өрүмдүн камчы өрүмгө таандык түрү да бар. Өрүмчү кайыштан сегиз тал тилет да, өрүмү төрт кыр болуп түшөт. Аны айрым жерлерде «казак өрүм» деп аташат. Чынында мындай көркөмдүктү нарындыктар, ат-башылыктар «суйсал» дейт. Өрүмү даана көрүнүп, урунууга бышык болот. Андан сегиз тал төрттөн экиге бөлүнөт да, өрүмү оңдон-солго эки четинен башталат. Эки тал каттай түшүп, бир талы кайра үстүнө чыгат. Өрүмчүлөр «суйсалды» көбүнчө өзү ийлешкен ак кайыштан өрүшкөн. Ал кезек-кезек өтүшүп, камчы өрүмдү да элестетет.

Получить все переводы слова - "КАЛМАК ӨРҮШ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КАЛМАК ӨРҮШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАЛМАК ӨРҮШ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru