Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ИЙНЕ САЙМА
  • ИЙНЕ САЙМА
 

ИЙНЕ САЙМА

 
«Беши жубан, беши кыз, Мелдешип ийне сайышкан, Беш жубандын ичинде, Беш манжасы майышкан». (Калык) Бул — сайманын бир түрү. Ийне сайма — жөрмөп саюу. Ичке ийне менен сайма сайса, сайым элпек кетет да, түшкөн көркөм көчөт ошончолук сыйда көрүнөт. Мыкты саймачылар учуктук жипти кыска сапташат. Бул ийнени сайып, учукту тартууда анча чубалжып чачышпайт. Адатта, жипти оң кол менен уч жагынан кармап, учуктун учун чыйратып, ийнени сол колдо учунан тутуп, өйдө маңдайга көтөрүп, ийне көзүнөн өткөрөт. Бул — учукту саптоо.
      Сайма саюуда оң колдо учуктуу ийне болот. Сол колго жердикти кармоо зарыл. Ийнени оң колдун үч манжасы (башбармак, сөөмөй, ортон) менен эптүү кармайт. Ал эми сайманын жердиги энине карата тизеге басып, сөөмөйгө ороп, атайын «алкакка» керип туруп да саюуга болот. Мына ушундай жолдор «сайма саюу» деп аталат.

Получить все переводы слова - "ИЙНЕ САЙМА" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ИЙНЕ САЙМА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ИЙНЕ САЙМА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru